Дүйшөнкул Чотоновдун жактоочулары Жогорку сотко арызданышты. Сот отуруму белгисиз мөөнөткө жылды

Бүгүн, 14-июнда Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго козголгон кылмыш иши боюнча сот отуруму өттү.

Чотоновдун жактоочулары Жогорку сотко баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча даттануу менен кайрылышты. Буга байланыштуу райондук сотто Текебаев менен Чотоновдун ишин кароо белгисиз убакытка токтотулду.

Сот имаратынын алдында Текебаев менен Чотоновду колдоп келген эл "Чотоновго боштондук!", "Текебаевге боштондук!" деген ураандар менен турушту. Андан соң эл тарап кетишти.

Эскерте кетсек, 8-июнда Чотонов менен Текебаевдин иши Биринчи Май райондук сотунда каралып жатканда, Дүйшөнкул Чотоновдун жактоочусу баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча кассациялык даттануу менен шаардык сотко кайрылган. Буга байланыштуу Биринчи Май райондук сотунда Текебаев менен Чотоновдун иши боюнча соттук процесс белгисиз мөөнөткө жылдырылган. 12-июнда кезектеги соттук отурум орун алган. Ал күнү Бишкек шаардык сотунда Чотонов менен бирге Текебаевдин дагы иши чогуу каралды. Мунун себебин судья Текебаевге карата соттун мурдагы чечимин туура чыгарып берсин деген мамлекеттик айыптоочунун сунушу менен түшүндүрүшкөн.

Текебаев менен Чотоновдун кезектеги сот отуруму белгисиз мөөнөткө жылды

Сот имаратынын алдында чогулган эл Текебаевге боштондук талап кылууда
Текебаев менен Чотоновдун жактоочулары Жогорку Сотко арызданышат
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Ananasky
2017-06-14 14:31:37
Бул сот бутобу озу , жылдырылып эле келе жатат , Камака алып алып же камай албай же койбере албай бийликтин эси кетти окшойт . Камап койсо элден коркуп жатышат чыгарып жибергенден Текеден коркуп жатышабы ?
+1
jumaev0084
2017-06-14 14:37:41
Ananasky,Бул деген бутбой турган сот да сериал 2017.Эми 3 сериясына келдик
0
kanatbekabytovich82
2017-06-14 14:50:43
Сот бутот,алар чыгышат,президенттике кандидатурасын кое алышпайт,себеби соттолгондугу жоюла элек дешет...
Эми булардын башка оюндары башталат.
Митингдер эми башталат.
Тынч бутушун тилейбиз ,,,,бирок......
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан