Дүйшөнкул Чотонов: "Бизге кылмыш иш "уккам", "ойлогом" деген ушактардын негизинде ачылган"

Бүгүн, 10-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум өтүүдө. Анын жүрүшүндө Дүйшөнкул Чотонов жарыш сөзгө чыгып, козголгон кылмыш иши саясий экенин айтты.

"Бул иш башынан эле саясий иш болчу. "Уккам", "ойлогом" деген ушактардын негизинде ачылган иш. Бир да айтылган сөздөргө далил жок. Бизди далилсиз камап жатат. Урматтуу сот, мыйзамдуу чечим кабыл алыңыз", - деди Чотонов.

Ал эми Өмүрбек Текебаев иш буйрук менен козголгонун билдирди.

"Прокуратура "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деп эки жерден айтып жатат. Менин кайсы кызматта кандай чечим кабыл алып, кызмат абалынан пайдаланганым тиркелиши керек эле. Бирок андай материал жок. Ошондуктан бул жасалма иш менен иш козголуп жатат. Мен Венада жүргөндө мага алдамчылык менен иш козгойбуз деп жарыялашкан. Бирок ал үчүн Жогорку Кеңештин макулдугу менен бир айга депутаттык комиссия изилдеши керек эле. Ошондуктан мен Венадан келерим менен мага карата жасалма иш козгоп кармашты. Ушул жерде Убактылуу өкмөттүн 11 мүчөсү көрсөтмө берди. Алардын баары Убактылуу өкмөттүн атынан алардын эч бири өз алдынча чечим кабыл ала албаганын айтты. Мага Убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары Конституциялык реформаларды ишке ашыруу жана Юстиция министрлигинин ишин көзөмөлдөө укугу гана берилген", - деди Текебаев.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. 26-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында Текебаев менен Чотонов камалган.

Башкы көзөмөл органдын маалыматы боюнча аларга орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызынын негизинде иш козголгон. Маевский өз арызында Текебаев "Мегаком" иши боюнча 1 миллион доллар алып, аны кайтарбай койгонун айткан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан