Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун жактоочулары Биринчи Май райондук сотунун чечимине нааразы экенин айтып, жогорку инстанцияларга кайрыларын айтышты.
"Сот экөөнү тең 8 жылга эркинен ажыратты. Алар тергөө абагында отурганы үчүн 1 жылга кыскарат. Ал эми мунапыс боюнча жаза мөөнөтүнүн үчтөн бири кыскартылып жатат. Ошондо айыпталуучуларды төрт жарым жыл камакта калтырып үй мүлкүн мамлекеттин эсебине чегерип жатат. Биз бул чечимге макул эмеспиз. Анткени булардын күнөөсү такыр далилденген жок. Ошондуктан мыйзамда көрсөтүлгөн убакыттын ичинде биз жогорку инстанцияга кайрылабыз", - деди жактоочу Искен Афиджанов.