Текебаевдин сотунда жарыш сөз башталды

Бүгүн, 2-октябрда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча сот отуруму уланды. Текебаев жана Чотонов алардын жактоочулары сотко келбей калгандыгына байланыштуу мамлекеттик жактоочудан баш тартып залдан чыгып кетишти. Текебаевдин айтымында, мамлекеттик жактоочу Элвира Чоноева Юстиция министрлигинин жактоочуларынын тизмесинде жок. Бирок соттук жамааттын төрагасы жарым саатка тыныгуу жарыялап, андан кийин айыпталуучулардын жарыш сөзгө чыгуусу чечимин чыгарды.

Эскерте кетсек, 16-августта Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн мамлекетке чегерүү жана бошотулгандан кийин 3 жыл мамлекеттик кызматта иштебөө тууралуу өкүм кабыл алган. Бирок Башкы прокуратура райондук соттун өкүмүнө макул болбой, соттолуучулардын абакта өтөөчү жаза мөөнөтүн узартып берүүсүн сурап, Бишкек шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылган.



Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан