Бүгүн, 3-августта депутат Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча сот өтүүдө. Анда Текебаев орусиялык ишкер Алексей Модиндин 2010-жылдын 13-майында кайсы учурда жана кайда жүргөнү боюнча "Кыргызтелеком" ишканасынан соттун маалымат алуусу керектиги боюнча өтүнүч келтирди.
"Модин мени менен жолуктум деген убактарда мен өкмөт үйүндө, "Хаят" мейманканасында жана "Ак Кеме" мейманканасында болгом. Модин кайсы учурда, кайда жүргөнү боюнча телефондук картасы мамлекетке караган гезиттердин бирине чыгыптыр. Анын кайда жүргөнүн көрсөткөн сааттарда ал мен жүргөн жерлерге барбаптыр. Анын айткандарына жүргөн жерлери шайкеш келбей жатат. Ошондуктан, урматтуу сот, сиз "Кыргызтелекомдун" жетекчилигинен анын кайда болгонун, ким менен сүйлөшкөнү боюнча маалымат алууңузду өтүнөм", - деди Текебаев.
Буга сот: "Иш боюнча маалыматтар толук катталуусу керектиги боюнча токтом чыгарганбыз. Эми ала албайбыз. Ошондуктан жактоочуларыңыз өздөрү алышсын", - деп жооп кылды.
Текебаевдин адвокаты Канат Хасанов жактоочулардын аталган мекемеден бул боюнча маалымат алуу мүмкүнчүлүгү жоктугун түшүндүрдү.
Жыйынтыгында сот Текебаевдин өтүнүчүн четке какты. Ишти кароо саат 14:00дө уланат.