Бүгүн, 16-августта Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланды. Айыпталып жаткан Дүйшөнкул Чотонов акыркы сөзүн кыска сүйлөдү.
“Чынында бул тарыхый окуя. Мен тарыхчымын. Биз, адамдар бүгүнкү күн менен жашап жатабыз. Адамдын табияты ошондой болот окшойт. Сиз азыр Текебаев менен кошо Кыргыз Республикасынын 25 жылдык тарыхын кошо соттоп жатасыз. Учуру келгенде Текебаевге эстелик коёсуздар, мен муну тарыхчы катары көрүп-билген адам катары айтып жатам. Сиз Текебаевге кандай чечим кабыл алсаңыз да, ошол чечим менен тарыхта каласыз. Ошондуктан жүрөгүңүз менен кеңешип, чечим кабыл алышыңызды сурайм”, - деди Чотонов.
Сот саат 14:00гө чейин тыныгуу жарыялады.