Бүгүн, 27-июлда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун сотунун кезектеги соттук отуруму орун алып, анда соттолуучулар төраганын чечимине нааразы болгондуктан, аларды сот залдан чыгарып салган болчу. Мындан улам сот Айбек Эрнис уулу өзүнө келтирилген ишенбөөчүлүккө негиз жок экендигин айтып, ишти соттолуучуларсыз өтө берүү тууралуу чечимин окуп, отурумду улантты.
Чотоновдун жактоочусу Бактыбек Жумашов башка соттук иш боюнча соту болорун айтып, залдан чыгып кетти. Андан соң Чотоновдун экинчи жактоочусу Марат Эшперов тергөөдө мыйзам бузууларга жол берилгендиктен материалдар кайра тергөөгө жөнөтүлүшү керектигин айтты.
"Текебаев менен Чотоновдун ишин иликтеген УКМКнын тергөө кызматы тарабынан мыйзамдар одоно түрдө бузулган. Мисалы, УКМКнын Тергөө башкармалыгынын башчысы Нурлан Мусаканов түзүлгөн тергөө тобун жетектеп, Текебаев менен Чотоновдун тергөө иштерине түздөн-түз катышкан. Анын башкармалыктын жетекчиси экенин эске алганда, тергөө тобун жетектөөгө укугу жок болчу. Мусакановдун аракеттери жазык процессуалдык кодексинин бир нече беренелерине каршы келет. Ошондуктан материалды кайра башынан тергеп чыгууга жөнөтүүңүздү өтүнөм", - деди. Нөөмөттөгү жактоочу кесиптешин колдоду.
Сот кайрадан чечим чыгаруу бөлмөсүнө барып келип, материалды кайра тергөөгө жөнөтүүгө негиз жоктугун айтып, жактоочунун өтүнүчүн канааттандырган жок.
Соттун бул аракетине нааразыланган жактоочу Эшперов Айбек Эрнис уулуна ишенбөөчүлүк жарыялады.
Сот өзүнө келтирилген ишенбөөчүлүк боюнча чечимди 14:00дө окуй турганын айтып тыныгуу жарыялады.
Белгилей кетсек, Текебаев менен Чотоновдун ишин караган сот Айбек Эрнис уулуна ушуну менен 14-жолу ишенбөөчүлүк көрсөтүлдү. Буга чейинки ишенбөөчүлүктөрдүн бири да канааттандырылган эмес.