Бүгүн, 10-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум түн жарымына чейин уланары күтүлүүдө.
Буга чейин отурумда Текебаев өзүн жаман сезип жатканын айтып, эртеңкиге калтырууну суранган. Бирок сот анын жарыш сөзү бүтмөйүнчө отурумду жабуудан баш тарткан. Текебаев жарыш сөзүн сүйлөп жатып, жүрөгү кармап калып, ага "Тез жардам" кызматы чакырылган. Мындан тышкары сот Айбек Эрнис уулуна да медициналык жардам көрсөтүлгөн.
Дарыгерлердин эскертүүсүнө карабай сот Текебаевдин жарыш сөзүн токтотууга уруксат берген жок. Өмүрбек Текебаевге биринчи жардам көрсөтүлгөн соң сот залына алып келгенден кийин ага дарыгерлер эскертүү бергенин айтты. “Урматтуу сот, сизге дарыгерлер тыянакты бериштиби? Мага эскертүү беришти. Ошондуктан соттук процессти токтотушуңузду суранам”, - деди Текебаев. Ал эми сот “азырынча уланта бериңиз” деп айыпталуучу жарыш сөзүн улантууда.
Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. 26-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында Текебаев менен Чотонов камалган.
Башкы көзөмөл органдын маалыматы боюнча аларга орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызынын негизинде иш козголгон. Маевский өз арызында Текебаев "Мегаком" иши боюнча 1 миллион доллар алып, аны кайтарбай койгонун айткан.