Жактоочу Чынара Жакупбекова 8 жылга эркинен ажыратылган депутат Өмүрбек Текебаев боюнча төмөнкү инстанциядагы соттордун өкүмүнө макул эместик билдирип Жогорку Сотко доо арыз менен кайрылды. Бул тууралуу Жакупбекова 24-октябрда SUPER.KG'ге кабарлады. Анын билдиришинче, ушундай эле арыз менен Башкы прокуратура дагы Жогорку Сотко кайрылган.
"2-3 күн мурун Башкы прокуратура кайрылыптыр. Бүгүн биз дагы сот чечимине макул эместигибизди билдирип арыз бердик", - деди ал.
Өмүрбек Текебаев менен бирге соттолгон экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун жактоочулары да Жогорку Сотко арыз беришкени маалым болду.
Эскерте кетсек, ушул жылдын 16-августунда Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду 8 жылга эркинен ажыраткан. 2-октябрда Бишкек шаардык соту райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган. Учурда Текебаев №47-түзөтүү колониясына, Чотонов Молдовановкадагы №27-түзөтүү колониясында.