Текебаев менен Чотоновдун соту: Сотто Алексей Модиндин 2010-жылы кимдин кабинетине киргени белгилүү болду

Алексей Модин.Бишкек шаардык сотунда депутат Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум уланууда. Соттук коллегиянын төрагасы Алексей Модиндин тергөөдөгү көрсөтмөсүн окуду. Модиндин көрсөтмөсүндө 2010-жылдын 13-майында орусиялык ишкер Леонид Маевский жана өзү кошулуп Текебаев менен анын өкмөт үйүндөгү кабинетинде (протоколдо учурда биринчи вице-премьер-министр отурган кабинет белгиленген) жолугушканы көрсөтүлгөн.

Текебаев учурда биринчи вице-премьер-министр отурган кабинетте президент Алмазбек Атамбаев Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары болуп турганда отурганын айтты. "Модин көрсөткөн 306-кабинетте Алмазбек Атамбаев отурган. А мен 307-кабинетте отургам. Модин мартта берген көрсөтмөсүн радикалдуу өзгөртүп жатат. Анда Атамбаевдин бөлмөсүнө кирип менин, өзүнүн, Өмүрбек Абдрахмановдун, Леонид Маевскийдин кайсы жерде отурганын айткан. Бирок кийин башка жерде жолугушканыбызды айтып чыкты", - деди Текебаев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Kanat.tls
2017-09-19 16:51:29
Маевский менен Модиндерге тоюп буттум уже
+3
Karban86
2017-09-19 18:14:54
Бир кун эле бийликте болсом барын башкача кылмакмын
+4
kokboru
2017-09-19 18:47:27
Атамбай аз калдың камалышыңа.Жээмбековду эле өзүңө окшотуп шайлап албасаң,башкасы келсе сөзсүз камаласын.Жээмбеков келсе эл көтөрүлөт,кыскасы баары бир камаласын да,эч вариантың калбайт
+5
dosym
2017-09-19 18:59:55
Сериал тартыш керек болуп калды ушулар тууралуу
+2
toktor89
2017-09-19 22:39:38
2017жылдын атактуу сериялы....
+1
eddi.kg
2017-09-20 13:09:19
Сериал эмес,боевик,ужас,фантастика тартса жарашмак
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан