Депутат Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча сотто иш документтердин 4-тому окулуп жатат. Аталган томдо Текебаевдин мүлкүн мамлекетке чегерүү каралган. Айыпталуучу мамлекетке чегерилүүчү мүлктөрүнүн арасына мугалим кезинде мамлекет берген айылдагы 6 сотых жер тилкеси да кошулуп калганын айтты.
"Окуу жайды бүтүп өз айылым Акманга барып мугалим болгом. Ошондо мага жаш мугалим катары үй салып ал деп өкмөт 6 сотых жер берген. Мамлекетке өткөрүлчү мүлктөрүмдүн арасында ал жер да бар экен. Жалпысынан 5-6 мүлк болуп жатат. Бирок сиздер 2010-жылга чейинки ээ болгон мүлктөрүмдү чегерүүдөн алып салууңар керек. 2010-жылдан кийин алган байлыктарымды да карап көргүлө "кылмыш жолу менен алынган же жок" деп", - деди Текебаев.