Бүгүн, 4-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун соту уланды. Соттук отурумдун жүрүшүндө Текебаев 2010-жылдын 1-сентябрында кимдер менен Москвага барып, Маевский менен жолукканын айтты.
"Талант Маматкеримов менен Москвага чогуу барган деп жатышат. Бул бурмалоо. 1-сентябрда Маматкеримов дагы Москвага барган экен. Мен аны аэропорттон эшикке чыкканда Маевский, Эркин Алымбеков жана элчиликтин адамдарынын арасынан көрдүм. Ал биздин делегация менен эмес, Маевскийдин чакыруусу менен барыптыр. Кайра келе жатканда мен бизнес-класста, жан сакчым Нурбек Абдрахманов менен Талант Маматкеримов жанаша отуруп келишкен. Маевский менен жолукканда чакан бөлмөдө 15ке жакын адам тамак үстүндө отуруп сүйлөшкөнбүз. Анда акча жөнүндө сөз болгон эмес. Мен Москвага 1-сентябрда барып, ошол күнү эле кайра келгем. Маевский менен 40 мүнөттөй бирге болгонбуз", - деди Текебаев.
Буга чейин Өмүрбек Текебаев Маевскийге кандай максатта жолукканын айткан болчу.