Бүгүн, 29-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум өтүүдө.
Соттук отурумдун жүрүшүндө Өмүрбек Текебаев Маевскийге "300 миң долларды сиз өзүңүз алып келген эмесмин дедиңиз. Анда ким алып келген?" деп суроо берди. Буга Маевский Сергей Кутуков аттуу адам экенин айтты. Ал эми Текебаев "Сергей Кутуков 13-майда Кыргыз жерине бир гана жолу келген. Сиз акчаны июнь айында алып келгенбиз деп жатасыз?" деди. Маевский болсо "Кутуков июнь айында келген, балким, ал Казакстан аркылуу өткөндүр" деп жооп берди.
Эскерте кетсек, 25-февралда Башкы прокуратура Ө.Текебаевге жана Д.Чотоновго кылмыш ишин козгогон. Башкы көзөмөл органдын маалыматы боюнча аларга орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызынын негизинде иш козголгон. Маевский өз арызында Текебаев "Мегаком" иши боюнча 1 миллион доллар алып, аны кайтарбай койгонун айткан.