Бишкек ЖЭБде өзгөчө кырдаал катталып, үйлөргө берилип жаткан жылуулуктун температурасы төмөндөдү

Бишкек Жылуулук электр борборунда өзгөчө кырдаал катталып, үйлөргө жылуулук берүү төмөндөдү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева билдирди.

"Кечээ, 26-январда кечки саат 6 чамасында Бишкектеги Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөн. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылытуу төмөндөдү. Тургундардын үйлөрүнө жылуулук такыр берилбей калган жок, болгону аларга берилип жаткан жылуулуктун температурасы төмөндөдү", - дейт басма сөз катчы.

Ошондой эле учурда бул маселени чечүү аракеттери жүрүп жатканын, канча убакытта калыбына келтириле турганы азырынча белгисиз экенин кошумчалады. Ал эми "Бишкекжылуулуктармагы" ишканасынан Бишкек ЖЭБден 120 миң 947 үй жылуулук менен камсыздаларын билдиришти.

Кыргызгидрометтин билдирүүсүнө таянсак, 26-январдан 27-январга караган түнү аба ырайынын температурасы 26 градус суук болсо, бүгүн, 27-январда 20 градустан 22 градуска чейин суук болушу күтүлөт.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
General.kg
2018-01-27 11:34:44
Оңдоп түзөө май айларына бүтүп жайлата жакшы кызмат көрсөтүр ноябрдан кайра бузулат))
+4
barakcha
2018-01-27 11:36:30
Кыйратыптырсынар!ЖЭБге болунгон миллиондорду каяка жумшадынар???!Мындай кычыраган суукта жылуулуктун азайганы итчилик!Кышка укмуш даярбыз деп бакылдаган министр жоопко тартылсын!Уйлор муздак...электрообогревательдин дагы алы келбей жатат жылытышка.Эми уялбай олчойгон суммадагы квитанция чыгып келет да ээ айдын аягында?!
+6
zamira1989
2018-01-27 11:45:34
уят кичине суук болсо даяр эместиги билинип атат уйлорубуз суук кичине балдарыбыз менен кыйын эле болуп атат
+4
Janylai2012
2018-01-27 11:48:06
Мен эртеден бери жазып атам эльдик кабарга ушул тууралуу.бирок чыгарышкан жок.уйлодун муздагын айтып болбойт.кычыраган кыштын суугунда жылуулук жок.ушул кезге чейин кышка даяр эмес жылуулук тармагы эмнеге жооп бербейт.ушул суукта балдарым ооруп калбаса экен деп коркуп отурган кезим.жылыткычтар жардам бербей жатат.
+4
Jelezo
2018-01-27 12:36:54
Россияда азыр эшикте -42градус үйдө 30 градус жылуу шортачан футболка кийип отурам.Элүү жыл мурун курулган ТЕЦ жакшына эле иштеп жатат кытайлардан386 млн доллар алып ремонттоп койсо жылаңач жүрүп ит болмокбуз
+3
Jojom2015
2018-01-27 15:40:29
Биринчи отопленияны бергенде ото ысытып жиберген, анда аны депутаттар айтып чыгышты талаага кетип жатат жылуулук деп, бирок ал айтканы туура айнектерди ачып жатканбыз ысыкка чыдабай, азайтып коюшту норма кылып. Бирок андан бери суук канча градуска тушту тузугуроок кобойтушподу, а акчасы болсо коп келет, акчасына жараша жылуулукту беришсе. Уйлордун бары когоруп кетти. Жайы менен кыйналып ремонт кылганыбыз бекер.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан