Бишкек ЖЭБдин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу канча айлык алып иштегенин айтты

"Бишкек Жылуулук электр борборунда директору болуп турганда айлыгым 35 миң сом болчу", - деп бүгүн,15-мартта маалымат жыйында Бишкек ЖЭБдин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу билдирди.

"Техникалык директор менден 1 500 сомго аз айлык алат. Калган кызматкерлер разряддарына жараша 20-22 миңден 10-12 миңге чейинки суммадагы айлык акы алып иштешет", - дейт Өмүркул уулу.

Айта кетсек, 26-январда кечки саат 6лар чамасында Бишкектеги Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин түшүп кеткен. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылуулук төмөндөгөн. Орун алган мүчүлүштүктөрдөн улам Бишкектин тургундары 7 күнгө (январь айынан 5 күнгө, ал эми февраль айында 2 күнгө) акча төлөшпөгөнүн "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын басма сөз кызматынан кабарлашкан. Ошондой эле Башкы прокуратура ЖЭБдеги авария боюнча "шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, ЖЭБдин башчысы Нурлан Өмүркул уулу кызматынан кеткен.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
fantomas
2018-03-15 13:11:52
Эмнеге бул бала камалбайт?!! Бул баланы да камаш керек!!!
-4
Janyjol.86
2018-03-15 13:19:02
Азыр эми баары эле кытайлыктарды анти минти кытайлар оздору кредит берип оздору ондогон. келишимде ушундай болчу деп бирок ал келишимге ким кол койгону табылбай атат .жакында кытай фирмасынын чону агынан жарылып АТАМБАЕВ кол койгон десе тан кал бай эле койгула КЫРГЫЗ элим
+3
Janyjol.86
2018-03-15 13:19:48
Андай нерселер бизге конумуш адат болуп калган
+3
nazarKGZ
2018-03-15 15:37:57
Баарын атып салыш керек кийинкилерге сабак болот
+1
Kanat.tls
2018-03-15 16:14:35
Байкуш таяктын учу сага тийдиби? Эми баарын айт чынында не болду эле?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан