Тогуз-Тородо нааразычылыктардан улам жаңжалга алып келген алтын комбинаттын курулушка уруксат кагаздары болгон эмес. Бул тууралуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары Расул Артыкбаев билдирди.
Бүгүн, 16-апрелде Жогорку Кеңештеги Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети өкмөттүн отчётун угууда. Жыйынга катышып жаткан депутат Мирлан Бакиров буга чейин Тогуз-Торо районунда болгон жаңжалга байланыштуу суроолорду берди. Депутат өкмөт мүчөлөрүнө кайрылып: “Ал курулуштун расмий уруксат кагаздары барбы?” – деп сурады.
Ага экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары Расул Артыкбаев жооп берди.
“Бул курулуштун экспертиза жана өнөр жай коопсуздугу боюнча уруксат кагазы жок болгондуктан 2014-жылы 7-февралда токтотулган. Алардын расмий уруксат кагаздары болгон эмес”, - деди Артыкбаев.
Ал эми курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов да компания тарабынан уруксат кагаздары үчүн кайрылуу эми келгенин белгиледи.
“Биз экологиялык экспертиза жүргүзөбүз. Документтер келип түшкөндөн кийин маселе үч ай каралат. Эгер терс корутунду чыкса кароо токтотулат же кайра иштеп чыгууга жиберилет. Бизге бул документтер 2 жума мурун келди, азыр каралууда. Буга чейин документ келген эмес, эки жума мурун келген”, - деди Рустамов.
Депутат Бакиров бул маселени “баш аламандык” деп атады.
“Эч кандай экспертиза, корутунду жок башталган жумуш ушуга алып келди. Ким күнөөлүү экенин сот, тергөө аныктайт. Бирок эч кандай расмий документ жок, курулуш башталып кетти. Бул деген баш аламандык”, - деди Бакиров.
Белгилей кетсек, 11-апрелде Тогуз-Тородо миңден ашуун адамдын катышуусунда митинг болгон. Алар аймактагы алтын ылгоочу комбинаттын курулушу токтотулуусун талап кылышкан. Митингдин жүрүшүндө алтын ылгоочу комбинаттын имараты өрттөлүп, ыргытылган таштан жаракат алып, 3 милиция кызматкери жана жергиликтүү тургун ооруканага кайрылган. Кийин бул окуяга байланыштуу райондун акими кызматынан алынган.