Бүгүн, 11-февралда Түркияда киши колдуу каза болгон Айэркен Саймаити боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйыны өтүүдө.
Учурда Мамлекеттин бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаев маалымат берүүдө. Анын айтымында, 2019-жылы жалпы импорттун көлөмү 2 миллиард 905 миллион долларды түзөт. "Былтыркы жылы Кытайдан 1 миллиард 942 миллион доллар импорт келген. Кытайдын маалыматы боюнча, 5 миллиард 556 миллион доллар импорт келген. Бул жерде айырма болуп жатат. Айырманы аныктаганга өзүбүз да кызыкдарбыз. Кытайга суроо-талап жөнөткөнбүз. Кытай ички мыйзамдарына ылайык, статистиканы өзгөртө албайбыз деп жатышат. Анткени бул жерде экспортту колдоо боюнча маселе болууда. Бул маселени 2010-жылдан бери талкуулап, аягына чыга албай жатабыз", - дейт Торутаев.