Бүгүн, 24-июлда Кыргыз-Тажик чек арасындагы кырдаал өзгөргөн жок. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз бөлүмүнөн билдиришти.
Маалым болгондой, Исфана-Баткен жана Исфара-Ворух жолдору жабык бойдон турат. Аталган мекеме эки өлкөнүн чек ара кызматынын башчыларынын сүйлөшүүсүнүн негизинде кырдаалды чек арачылар көзөмөлгө алып, күчөтүлгөн режимде иш алып барышууда. Ошондой эле жергиликтүү элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканы айтылды.
22-июлда Ак-Сай айылынын тургундары менен Ворух анклавынын жашоочуларынын ортосунда пикир келишпестик орун алган. Уруш учурунда жарандардын бири курал колдонуп ок чыгарган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан жаңжалдан 8 адам жабыркаганын, экөөнө операция жасалганын кабарлашкан. Ак-Сай айылынын жашоочусу болсо 11 адам жабыркап, алардын тогузу октон жаракат алганын айткан.
Жаңжал боюнча Кыргыз жана Тажик чек ара кызматы да билдирүү таратты. Тажикстан тарап жаңжалдан 1 адам каза болуп, 10дон ашуун адам жаракат алганын маалымдады.
Вице-премьер Жеңиш Разаков, чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Баткен облусуна барышты.
Жаңжалдан кийин Лейлек районуна кете турган Исфана-Баткен унаа жолу жабылганы маалымдалган.