8-ноябрда Бишкектеги Эркиндик бульвары менен Чүй кең көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан “Антошка” тез тамактануучу жайынан өрт чыккан. Ал эми аталган жайды ижарага алып иштеткен жаран үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы тарабынан билдирди.
Маалыматка ылайык, чечимди Свердлов райондук соту чыгарган.
“Антошка” тез тамактануучу жайынан өрт чыгып, 1 адам каза болуп, 12 киши жабыркаганы маалымдалган. 9-ноябрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы жабырлануучулардын тизмесин жарыялап, абалы тууралуу маалымат берди. Анда 3 жабырлануучу ооруканадан чыгарылса, 7 бейтап дарылануусун улантып жатканы кабарланды.