Жолдошбек Жунушев Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
24-январда президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөргөн. Анда ал өткөн жылдын аягында Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын алты кызматкери коррупцияга шектелип кармалганы боюнча сындаган.
Мамлекет башчы 28-январда Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 24-январындагы жыйынынын чечимине кол койгон. Чечимде Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын кызматкерлери тарабынан системдүү кызматтык кылмыштарды жасоого алып келген, кол алдындагы адамдардын ишине мекемелик көзөмөлдүн жоктугу үчүн аталган инспекциянын директору Жолдошбек Жунушевди ээлеген кызматынан бошотуу сунушталган.