"Коронавирустан сактангыла! Инфекциялык ооруканага вирус менен жабыркаган жаран түштү, абалы оор" деген билдирүү боюнча министрлик жооп берди

Социалдык тармактарда Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына оор абалда бейтап келип түшкөнү, ал коронавирус менен жабыркагандыгы айтылган аудио тарап жатат.

Анда белгисиз аял тааныштарына кайрылып, көчөгө чыкпоого, коомдук жайлардан тамактанбай турууга, медициналык бет каптарды тагынууга, үйдү жыйноодо хлор колдонууга жана вируска каршы мазь сүйкөп жүрүүгө чакырып жатканын угууга болот.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен интернетке тарап жаткан аудио билдирүү чындыкка дал келбей турганын айтышты.

"Билдирүү чындыкка дал келбейт. Бүгүнкү күнгө карата өлкөдөгү эпидемиологиялык абал туруктуу, коронавирус менен жабыркагандар каттала элек. Учурдан пайдаланып, элге кайрылып, расмий гана маалыматтарга ишенүүгө чакырабыз", - деди мекеменин басма сөз катчысы.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Kyrgyz_bloger
2020-02-27 20:49:17
Биздин саламаттыкты сактоо министрлигине окмотко такыр ишенбейм.
+13
Baku88
2020-02-28 09:01:20
Kyrgyz_bloger,сен озун ишенесинби деги
-3
EddieNigma
2020-02-27 20:52:47
Whats App'тагы фейк-аудиолорго ишенгендер, аман эле болгула)
+12
Kattaldym
2020-02-27 21:05:27
Оозуңарга май! Ошондой эле болсун.
+13
suban78
2020-02-27 21:08:41
Алла Таалам сактасын кыргыз элими.
+16
kuttubekuzgen
2020-02-27 21:50:32
Дагы баягы аял апыртмаларын баштаган окшойт.
+9
Birimdik5555
2020-02-28 12:18:06
Ушул аялды кармап штраф салдырса жакшы болмок элуу миндей,жаман тойгозушту ушуга окшогондор
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан