Коронавирус: Карантинди бузгандарга 300 миң сомго чейин айып пул салынат

Кыргыз Республикасында эпидемияга каршы жана карантиндик иш-чараларды күчөтүү максатында тиешелүү мамлекеттик органдардын аракеттеринин алгоритмине толуктоолор киргизилди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коронавирустун чыккан учуру катталган өлкөлөрдөн келгендердин бардыгы 3 категорияга бөлүнөт. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жаңы коронавирус инфекциясынын жайылышы пандемия баскычына жеткени тууралуу жарыялаганына байланыштуу Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан категориялар боюнча өлкөлөрдү баалоонун кошумча критерийлери аныкталды.

  • Илдет учурларынын абсолюттук саны;
  • Акыркы 10 күндө инфекциянын жайылышынын өсүү темпи;
  • Көз карандысыз эл аралык уюмдардын маалыматы боюнча эпидемия жана пандемияга карата өлкө даярдыгынын индекси.

Категориялар абалдын курчушунан улам Тышкы иштер министрлиги менен макулдашылып, өзгөрүп турушу мүмкүн.

Өкмөттүн 2020-жылдын 28-февралдагы буйругунун негизинде Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен өлкөлөрдүн төмөнкү үч категориясы аныкталды:

Биринчи категория. Транзит менен Кытай, Италия, Иран, Түштүк Корея, Франция, Германия жана Испанияда акыркы 30 күн ичинде болгон чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз мамлекетине киришине тыюу салынат. Акыркы 30 күндө биринчи категориядагы өлкөлөрдүн аймагында болбогон бардык чет элдиктер, анын ичинде Кытайдын, Италиянын, Ирандын, Түштүк Кореянын, Франциянын, Германиянын, Испаниянын, ошондой эле Кыргыз жарандары Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу менен бекитилген, текшерүү алгоритминен өткөрүү шарты менен гана Кыргыз Республикасына кире алат. Обсервация шартын бузгандар Кыргыз өлкөсүнүн мыйзамдары менен жоопкерчиликке тартылат.

Биринчи категориядагы өлкөлөрдөн, анын ичинде транзит менен келген Кыргыз жарандары 14 күн атайын өзүнчө бөлүнгөн жерлерде обсервацияга жаткырылат. Бул категорияга ID-карта, жалпы жарандык, кызматтык жана дипломатиялык паспорту бар Кыргыз Республикасынын бардык жарандары кирет.

Экинчи категория. АКШ, Япония, Швеция, Швейцария, Улуу Британия, Бельгия, Нидерланддар өлкөлөрү кирди. Чет элдиктер жана Кыргыз жарандары эгерде ушул өлкөлөрдүн транзити менен келсе, 14 күндүк үй карантинине алынат. Үй карантини боюнча эрежелерди бузгандар Кыргыз өлкөсүнүн мыйзамдары боюнча жоопкерчиликке тартылат. Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине ылайык, атайылап же байкоосуздан санитардык-эпидемиологиялык эрежени бузса, байкабастан массалык ооруга себепкер болсо, элди ууландырып алса же башка оор залал келтирсе VI категориядагы айып менен жазаланат. Болбосо кызматты ээлөө же кайсы бир иш менен алектенүү укугунан эки жылга ажыратылат.

Аталган кодекстин 68-беренесине ылайык, жашы жете электер үчүн 1200дөн 1400гө (120 миң сомдон 140 миң сомго чейин) чейинки эсептик көрсөткүчтөгү айып пул салынат. Ал эми башка жеке тараптар үчүн 2600дөн 3000ге (260 миң сомдон 300 миң сомго) чейинки эсептик көрсөткүч көлөмүндөгү айып пул салынат.

Эгерде чет өлкөлүк жарандардын үй шартындагы карантинде болуусуна шарты жок болсо Саламаттыкты сактоо министрлигинин бекитилген буйругуна ылайык, Тышкы иштер министрлигинин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын мекемелер аралык буйругу менен түзүлгөн комиссиянын чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын аймагына киргизилип, 14 күн атайын бөлүнгөн жерде обсервацияда болот.

Үчүнчү категория. Сингапур, Австрия, Дания, Кытайга караган Гонконг, Малайзия, Таиланд, Индия, Бахрейн, Австралия, Греция, Канада, Ирак, Бириккен Араб Эмирликтери, Кувейт, Ирак, Египет, Ливан, Катар, Сауд Арабиясы кирет. Жарандар аталган өлкөлөрдүн транзити менен келсе, баштапкы текшерүүгө алынып, андан ары үйүнө коё берилет. Бирок өлкө аймагында ары-бери каттап жүрүүгө 14 күнгө чейин чектөө болот.

Кыргыз Республикасында аккредитациядан өткөн дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана эл аралык уюмдардын кызматкерлери, чет өлкөлүк расмий делегациянын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигин алдын ала эскертүүсүн жана Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу менен бекитилген текшерүү алгоритминен милдетти түрдө өтүү шартында гана обсервацияга жаткырылбайт (клиникалык белгилер байкалгандардан башкасы).

Категориялар боюнча өзгөрүүлөр эртең, 14-марттан тарта күчүнө кирет.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Margo82
2020-03-13 10:54:05
Дары дармек,тамак аш ,масканы кымбаттаткандарга кандай чара корулот,ага да штраф салыш керек!!!
+6
amirrus
2020-03-13 15:06:10
Margo82, ал оздорунун бизнеси ага мыйзам жок,шылтоо менен бизнес иши кете берет,это Кыргызстан детка
0
aerforce
2020-03-13 11:26:53
Ошондо келди дегени жатасынарбы ачык айталбай
+3
limuna
2020-03-13 13:30:25
Туркиядан баргандар кандай болот жон эле чыгарабы же 14 Кун кармайбы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан