Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасы менен Вьетнам өлкөсүнүн жолдоштук беттеши болбой калды

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасы менен Вьетнам өлкөсүнүн ортосундагы жолдоштук беттеш өткөрүлбөй турган болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз футбол союзунан билдиришти.

"Коронавирус оорусу кулач жайып жаткандыгына байланыштуу бул жолдоштук беттеш токтотулду", - деп билдиришти Кыргыз футбол союзунан.

Маалыматка ылайык, бул токтотулган жолдоштук беттеш 2022-жылы Катарда өтө турган Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарына жана 2023-жылы Кытайда өтө турган Азия чемпиондугуна тандап алуудагы F тайпасындагы оюндарга даярдык катары 26-март күнү Вьетнам өлкөсүндө өтмөк.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан