Республикалык штаб: "Казакстандагы кырдаалга байланыштуу өлкөгө коронавирустун кирүүсүнө, жайылышына жол бербөө боюнча коопсуздук чаралары күчөтүлдү"

Коронавирустун жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штаб соода-көңүл ачуу борборлоруна жана башка коомдук жайларга барууну чектөөнү сунуштады. Бул жана башка бир катар сунуштар коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын жыйынында айтылды.

Соода түйүндөрү, кызмат көрсөтүү жана коомдук тамактануу жайларында иштеген жана иштеткен жеке, юридикалык жактарга убактылуу чектөө алып салынганга чейин массалык иш-чараларды өткөрбөө, имараттарды дезинфекциялоо, аба тазалагычтарды орнотуу, кызматкерлерди жана кардарларды антисептик каражаттары менен камсыздоо сунушталат. Коопсуздук кеңешинин чечимине ылайык, өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, райондордун акимдерине корнавирустун алдын алуу чаралары, мамлекеттик органдар тарабынан жасалып жаткан иштер тууралуу калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
Дүйнөдөгү кырдаалды эске алуу менен медицина, обсервация кызматкерлери, эпидемиологдор, санитардык дарыгерлер, "Тез жардам" жана башка ыкчам кызматтардын кызматкерлери күнү-түнү иштөөнү улантышууда.
Казакстандагы кырдаалга байланыштуу өлкөгө коронавирустун кирүүсүнө жана жайылышына жол бербөө боюнча коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Өлкөнүн бардык райондорунда коомдук тамактануу жайларды, мечиттерди, коомдук унааларды дезинфекциялоо иштери жүрүп жатат. Ошондой эле коомдук жайларда, базарларда дезинфекциялоо иштерин уюштуруу жана жүргүзүү тапшырылды. Мындан тышкары республиканын бардык райондорунда симуляциялык окуулар өткөрүлөт.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан