Сооронбай Жээнбеков облустар аралык транспорттук каттамдарды токтотуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады

Президент Сооронбай Жээнбеков облустар аралык транспорттук каттамдарды токтотуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады. Бул тууралуу президент бүгүн, 6-июлда мамлекеттик органдардын жетекчилери, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаар мэрлери жана райондордун акимдеринин катышуусундагы видеоконференция форматында өткөн коопсуздук кеңешинин жыйынында айтты.

"Азыр айрымдар катуурак карантин тартибин киргизүүнү сунуштоодо. Кырдаалга байланыштуу республикалык штаб сунуштарды киргизүү керек. Азыркы кырдаалда облустар ортосундагы транспорттук каттамдары токтотуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштайбыз.

Калктын саламаттыгы менен экономикалык коопсуздугун таразага салганда, биз карантинди жарыялап, өзгөчө абал режимин чыдамкайлык менен сактадык. Бул режим алынган соң, ооругандар кескин көбөйдү жана коронавирустун айынан көптөгөн биздин жарандар пневмониядан жабыр тартууда", - деп баса белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков. Бишкек шаарында илдетти жугузуу көбөйгөндүктөн, кайрадан бир катар чектөөлөр киргизилгенин да эске салды.

Мамлекет башчы ошондой эле буга чейин той-топурларды өткөрүүгө тыюу салуу боюнча сунуш киргизгенин эске салып, республикалык штабды бул маселе боюнча өзүнүн так көз карашын билдирүүгө чакырды.

"Мен Жогорку Кеңештин жыйынында ар кандай массалык салтанаттуу иш-чараларга расмий түрдө тыюу салуу боюнча кайрылдым эле. Менимче республикалык штаб бул маселе боюнча өзүнчө расмий чечим кабыл алса туура болот", - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы бардык ооруканаларда жана обсервацияларда орундардын санын көбөйтүү керектигине көңүл бурду. Зарылдык жаралса бейтаптарга биринчи медициналык жардам көрсөтүү үчүн кошумча орундарды түзүүнү кошумчалады. Президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус инфекциясы менен күрөшүүнүн алкагында бардык иш-чаралар өз маалында жана артыкчылыктуу тартипте каржыланышы керектигин дагы бир жолу баса белгиледи.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
modem4999
2020-07-06 17:05:20
Силер сунуш кылып анан чечкиче эле тарап кетмей болду
+6
Kuban-1207
2020-07-06 17:13:16
Шалаакылар
+7
souza.j
2020-07-06 17:19:51
Макаланын томон жагындагы рекламаны жон эле койгулачы супер. Тойгузуп жиберди.
+16
Baktyluumun98
2020-07-06 17:23:27
souza.j,туура айтасынар. Супер, рекламанарды жон эле койгулачы же башкача форматта карап чыккылачы, сураныч.
+9
Mister-X
2020-07-07 04:03:51
souza.j,Сунушуңарды тийиштүү жерге жазгыла,бан деп жаап салат.
+1
Usow
2020-07-06 17:20:36
Парламенттик система болсо ушуда биринчи сунуштайт анан каралат анан чечилсе чечилет болбосо жок.
0
Aimani
2020-07-06 17:36:54
Жогорку Кеңеш кайрылуунузга карабай каникулга кетип калдыбы? Эми республикалык штаб чечим кабыл алганга чейин элдер кырылып калмай болду. Шарт шурт журсонор кичине. Солдуроп чечим кабыл алыш керек деп күтүп отурбай
+6
rysik79
2020-07-06 18:08:21
Региондорго тарап кетсе Кудай урат го. Эртелетиш керек.
+4
tina-Tin
2020-07-07 00:20:36
Ушинтип эле жоопкерчиликтен качып жатат булар бири бирине сунуш киргизип. Президент болгондон кийин солдуробой катуурак болбойбу. Чече турган депутаттар каникулда болсо кимге сунуш киргизет бул
0
Sema12
2020-07-07 01:46:44
Супер инфо жарнамаңар жанга тийди макаланын астына чыгарбагыла жылдырганда басылып кетип жатат.
+1
Shef87
2020-07-07 02:09:43
Ош бишкек самалетту да токтото тургула бай болгурлар салондо жакын отуруп кантак болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан