Мындан 5 күн мурда Сауд Арабиясынан 651 адам өлкөгө келген

13-мартка карата Сауд Арабиясынан 651 адам Кыргыз өлкөсүнө келген. Алар кичи ажылык зыяратынан келгенин Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызматы департаментинин директору Бахтияр Шакиров 13-мартта өткөн жыйында билдирген.

Анда Кыргыз жарандары коронавирустан улам өз убагында өлкөгө кайта алышпагандыгы айтылган. "Бул маселе дипломатиялык каналдар менен чечилип, өлкөгө 651 адам учак менен келишкен. Дагы 3 Кыргыз жараны Сауд Арабиясында калган, алар дарыгердин көзөмөлүндө. Сауд Арабиясында калгандар улгайыңкы курактагылар, бир аз сыркоолоп калышкан. Биз экинчи этапта аларды алып келебиз", - деген Шакиров.

Ал эми саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев ошол жыйында "Манас" аэропортуна 290 адам, "Ош" аэропортуна 300гө чукул адам келгенин кабарлаган. Өлкөгө келгендер үй карантинине алынып, дарыгерлер көзөмөлдөп жатышканын кошумчалаган.

Бүгүн, 18-мартта коронавирус жуктуруп алганы аныкталган 3 Кыргыз жараны Сауд Арабиядан 12-мартта учуп келишкен. Алар учуп келген аба каттамында 135 жүргүнчү бар болгону аныкталып, азыркы учурда 90дон ашуун жүргүнчүнүн аты-жөнү такталып, обсервацияга алынган. Жабыркагандардын бири 1958-жылы туулган, экинчиси 1974-жылы туулган, ал эми үчүнчүсү 70 жаштагы жаран экенин саламаттыкты сактоо министри билдирди.




Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
gute
2020-03-18 12:11:21
Туура ар бир мусулман Меккеге барып зыярат кылганыбыз жакшы озубуз учун.
Бирок дуйнодо ушундай коопту абал болуп жатканын жанылыктардан окуп, коруп жатышты ошон учун барбай турушса болмок экен. Оздорун эле ойлобой туугандарын, жердештерин ойлошсо болмок
+10
gute
2020-03-18 12:14:23
Сауд Арабия дагы Ажылыкты чектоону кеч киргизди качан гана вирус таркап кеткенден кийин !
+4
Nurbany
2020-03-18 12:14:48
Темселебей отура турсак болбойбу
+7
tina-Tin
2020-03-18 12:28:24
Эмне эле акыркы кундору окмот катуу иштеп калды десе вирус келген экенда. Мен суйунуп олтурдум молодецтер деп. Башынан ушундай катуу турса болбойт беле.
+4
KYRGYZ_bolson_BRAT
2020-03-18 12:43:41
Кайсы аэропорттон келишиптир ушулар 12си???
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан