Коронавирус жуктурган 6 адам кичи ажылыктан келген. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков билдирди.
Анын айтымында, алардын жашы 45тен 70 жашка чейин.
Кыргыз мамлекетинде коронавирус жуктурган дагы 6 жаӊы учур катталды. Ооругандардын жалпы саны 12 адам.
18-мартта Сузакта коронавирус үч кишиден аныкталган. Кечээ, 20-мартта Ноокатта коронавирустун жаңы 3 учуру катталганы жарыяланган.