Коронавирустун айынан Кыргыз өлкөсүндө өтчү эл аралык турнирлердин мөөнөтү жылдырылды

Кыргыз өлкөсүндө пландалган эл аралык турнирлерди өткөрүү мөөнөтү жылдырылат. Мындай чечим Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Аманкуловдун жетекчилиги менен өткөн чукул жыйындын негизинде кабыл алынган.

Маалыматка ылайык, Кыргыз өлкөсүндө пландалган бир катар ири эл аралык спорттук иш-чараларды өткөрүү мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу чечими кабыл алынган.

Мөөнөтү жылдырылган иш-чаралар:

Бишкек шаарында 2020-жылдын апрель айына пландалган Азия жана Океания чөлкөмүндө спорттогу кызытмага каршы аракеттер боюнча Өкмөттөр аралык жолугушуу. Бул иш-чарада ВАДА (Дүйнөлүк антидопинг агенттиги) менен Кызытмага каршы эл аралык конвенцияга мүчө болгон мамлекеттердин Өкмөтү менен ВАДА менен өз ара кызматташтыгына тиешелүү бардык маанилүү маселелер каралат. Иш-чарага бул чөлкөмдөгү 35ге жакын мамлекеттин өкүлдөрү, анын ичинде 15 мамлекеттин спорт министри жана ВАДАнын президенти катышат деп пландалган жолугушуу жылдырылды.

Шайба менен ойнолуучу хоккей боюнча IV дивизиондун Дүйнө чемпиондугу (3-5 март, Бишкек шаары) жана башка эл аралык спорттук иш-чаралар (2020-жылдын май айына чейин) жылдырылды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jaka78
2020-02-28 23:49:20
бизди кудай сактасын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан