Италиянын жарандык коргоо департаментинин башчысы Анжелло Боррелли коронавируска байланыштуу расмий маалымат жашырылып жатканын жана реалдуулукта көрсөткүч 10 эсе көп болушу мүмкүндүгүн айткан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Акыркы маалыматка ылайык, Италияда сутка ичинде 683 адам каза болгону аныкталган. Жалпы 74 миң 386 адам вирус жуктурган болсо, 7 миң 503 адам каза болгон. Анжелло Борреллинин айтымында, чыныгы көрсөткүч расмий маалыматтан 10 эсе көп болушу мүмкүн. "Мындай жыйынтык менен жакынкы күндөрдө Кытайдан ашып өтүшүбүз мүмкүн" деген Боррелли.