Орусиянын Владимир облусундагы ооруканалардын биринде иштеген медайымдын бетинде коргоочу бет кап кийгенден кийин химиялык күйүк пайда болгон. Бул тууралуу өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, медайым оорукана жетекчилиги бир гана жолу кийе турган коргоочу кийимдерди кайра колдонуш үчүн дезинфекция кылышарын жазган.
"Ольга Овинникова аттуу кызматкер өзүнүн Инстаграм баракчасына бетинде пайда болгон кызыл тактарды сүрөткө тартып, бети химиялык күйүк алганын жазып чыккан. Ал жумушта бир жолу кийиле турган коргоочу кийимдер хлор менен дезинфекцияланып, кайра бир нече жолу пайдаланыларын жазган. Укук коргоо органдары бул билдирүү боюнча териштирүү ишин баштады", - деп жазылат маалыматта.