Элчилик: "26-мартта "Домодедово" жана "Шереметьево" аэропортторунда Кыргыз жарандарынын топтолуусу байкалган эмес"

Бүгүн, 27-марттан баштап Орусия бардык өлкөлөр менен болгон аба каттамдарын токтотту. Чет өлкөдө калган Орус жарандарын мекенге алып келүү үчүн атайын учактардан башкасы белгисиз мөөнөткө чейин учпайт.

Мындан улам Орусияда эмгектенип жүргөн Кыргыз жарандары өлкөгө кайта алышпай, аэропорттордо калып калышты. Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги 25-март саат 19:00гө карата "Шереметьево" аэропортунда жалпысынан 92 жаран бар экенин кабарлаган.

"Аэропортко барган атайын штабдын кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөндөн кийин жүргүнчүлөрдүн көпчүлүгү убактылуу жашап туруу үчүн Москва шаарына бет алышкан.

Ал эми 26-март саат 12:00дө алынган маалыматка ылайык, "Домодедово" жана "Шереметьево" аэропортторунда Кыргыз жарандарынын топтолуусу байкалган эмес", - деп билдирген элчиликтин маалымат кызматынан.

Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги күнү-түнү иштеп, штабдын мүчөлөрү аэропорттордо нөөмөттө турушат. Сурап, билүү номерлери: +7 499 238 50 69, +7 499 237 33 04, +7 925 103 29 11(WhatsApp), электрондук дарек: 4992385069@mail.ru.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
milina555
2020-03-27 19:00:40
Дагы деле аэропортто отурушат, эмнеге жалган маалымат таратасынар. отурушат 100 го жакын Кыргызстан жарандары. 24 марттан тартып бугунку 27 мартта кутушуудо.
+6
Tyty1990
2020-03-27 23:28:04
Жамбашынарды креслодон көтөрүп аэропортко барсанар көрүнөбү
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан