2020-жылдын 16-майында боло турган "Евровидение-2020" сынагынын финалдык бөлүгү башка форматта өтөт. Бул тууралуу сынактын аткаруучу продюсери Ситс Баккер билдирген.
Маалыматка ылайык, аталган шоу "Eurovision: Europe Shine A Light" деп аталып, сынактын YouTube каналынан жана Европа өлкөлөрүнүн телеканалдарынан онлайн көрсөтүлөт.
"Биз адамдардын көңүлүн сахнага чыгып, ыр аткара турган 41 артистке гана бурбастан, бул кыйын күндөрдө үйдө отуруп биз менен чогуу болгон элди колдогубуз келип жатат", - деген Баккер.
"Eurovision: Europe Shine A Light" шоусу Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө башталат. Концертти белгилүү алып баруучулар Шанталь Янзен, Эдсилия Ромбли жана Ян Смит алып барат.
Баккер аталган шоу "Евровидениенин" тарыхындагы унутулгус күн катары калаарын да кошумчалаган.