Коронавирус эпидемиясы аягына чыккан Кытайда жарганаттын этин жей башташты. Бул тууралуу "Daily Mail" басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, жарганаттын эти базарларда элдик медицина каражаты катары сатылууда.
Чет элдик гезиттин кабарчысы Кытайдын түштүк-батыш тарабында жайгашкан Гулийн шаарындагы базарга миңдеген кардарлар эпидемия аяктаган соң, мурункудай эле барып жатканын байкаган. Ал эми базардын ичиндеги көрүнүш эч өзгөргөн эмес, жерге төгүлгөн жаныбарлардын кандары, дат баскан торлорго камалган жаныбарлар ошол эле турушта.
"Бул жакта элдер пандемия бүттү, кабатырланууга эч кандай негиз жок деп ойлоп жатышат. Ал эми чет элде болуп жаткан окуялар булар үчүн эч тиешеси жок маселедей туюлат", - деп жазган кабарчы.
Ушундай эле базар Дунгуан шаарында да кайрадан ишке кирген. Бир эле айырма базарларга маалымат каражаттары үчүн сүрөт жана видео тартканга тыюу салып турчу коопсуздук кызматкерлери пайда болгон.
Эскерте кетсек, окумуштуулар вирус дүйнө элине жайыла баштаган маалда ал Ухан шаарындагы базарлардын биринде жарганаттан адамга жугуп, анан тараганын айтышкан. Жарганаттар күчтүү иммунитетке ээ болгондуктан адамга коркунуч туудурган 50гө жакын ар кандай вирустарды алып жүрүшү мүмкүн.
Дүйнө жүзү боюнча акыркы маалыматтарга караганда, 937 миң адам вирусту жуктуруп алган. 47 миң 200 адам вирустан көз жумса, 193 миң 700 адам айыгып чыккан.