Билл Гейтс пандемиядан кийин адамзат жабыркашы мүмкүн болгон жагдайларды атады

"Microsoft" компаниясынын негиздөөчүсү, мультимиллиардер Билл Гейтс коронавирус пандемиясынан кийин адамзат кез келе турган коркунучтуу эки жагдайды атады. Бул тууралуу ал америкалык басылмаларга берген маегинде айткан.

Билл Гейтстин айтымында, пандемиядан кийин адамзат климаттык өзгөрүү жана биотеррорчулуктан жабыр тартышы ыктымал.

"Адамзат кез келген эки жагдайдын бири климаттык өзгөрүү. Мындай абалга дүйнө жүзү азырынча даяр эмес. Бул фактордун таасиринде адамдын өлүмү пандемияга салыштырмалуу көп катталышы мүмкүн. Ал эми экинчи жагдай биотеррорчулук. Мында кимдир бирөө адамдарга залал келтирүүнү кааласа, ал үчүн вирус ойлоп табышы ыктымал. Бул жагдай адамзатка чоң зыян келтириши мүмкүн", - деген Билл Гейтс.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Talantus
2021-02-08 10:09:06
Бул жоот дагы эмнени канкуулап жатат.
+4
dkrf
2021-02-08 10:57:05
Америкалыктар отоо акылдуу эл болушат. Ушулар айткандай болот. Америкалыктарга эч кимдин алы жетпейт.
-7
aikaademi
2021-02-08 11:19:50
Алдын ала билгендей булар ким? Кептин баары ушуларда. Дүйнөгө ушулар зыян келтирип жатат. Вирустун ээлери да ушулар
+6
Mister-XXX
2021-02-08 18:28:17
aikaademi,Мен да сенин сөзүңө кошулам.Ковид жана башка оорулар атайын эле чыгарылгандай.
Же бир илимий ачылышты сынап жаткандай..Мисалы: 5G.Дуйнонун масондор башкарат.Масондордун копчулугу Америка,Европада.
+2
CenterKG
2021-02-08 12:46:43
Акыр замандын белгилери
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан