Ош шаарында 30 кичи автобустун айдоочусу медициналык кызматкерлерди бекер ташууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Медицина кызматкерлерин жумушка бекер ташып, үйүнө жеткирип турган айдоочуларга 3000 сом сый акы берилди. Белгилей кетсек, кызматкерлерди 30 кичи автобус бекер ташууда", - деп жазылат маалыматта.