Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдиргенине ылайык, вирус аныкталып жаткан бейтаптардын дээрлик бардыгы обсервацияда жаткандар.
Азыркы тапта обсервацияда жалпы 1 миң 25 адам жатат.
COVID-19 аныкталган бейтаптар менен байланышкан жактардын саны – 6 миң 537 адам. Алар:
Жакын байланыштар (1-категория) - 1 миң 178 адам;
Башка байланыштар (2-категория) - 5 миң 359 адам.