Кытайдын Гуанчжоу шаарындагы Hermès мода үйү эки айлык карантинден кийин эшигин ачып, биринчи күнү эле 2 миллион 700 миң доллар киреше тапкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Гуанчжоу шаарындагы престиждүү Taikoo Hui Guangzhou соода борборунда жайгашкан дүкөнгө кардарларды тартуу үчүн бриллиант менен кооздолгон жасалгаларды, эң баалуу деп эсептелген крокодил терисинен сумкалар алып келинген. Коронавирус пандемиясынан улам 2 айга жабылган дүкөндүн ачылышына Гуандун провинциясындагы менмин деген байлар келген. Эң көп өткөн товарлар - сумкалар, интерьер каражаттары, бут кийим жана булгаарыдан жасалган аксессуарлар болгон. Бир күндө дүкөн 19 миллион юань (орточо 2 миллион 700 миң доллар) киреше тапкан.
Соода чөйрөсүндөгү адистер кымбат баалуу буюмдарды алып көнгөн калың капчыктуу жарандар эки ай ичи аткара албаган ишин толуктап жатышат деп түшүндүрүшкөн.
Ал эми эскперттер Кытайда люкс товарларды сатуу ийгиликтүү башталганы менен пандемияга чейинки деңгээлге жетүүсү үчүн убакыт бар экендигин айтууда.