Бириккен Араб Эмирлигинде калып калган Кыргыз жарандары үчүн үч чартердик аба каттамы уюштурулуп жатат
Бириккен Араб Эмирлигинде калган Кыргыз жарандары үчүн жакынкы күндөрү үч чартердик рейс уюштурулат. Бул тууралуу Дубай шаарындагы Кыргыз өлкөсүнүн Башкы консулдугунан билдирүү таратышты.
"Сиздерден сураныч, билетти, паспорттун жана визанын көчүрмөсүн же алардын электрондук көчүрмөлөрүн чыгарып алыңыздар. Аэропортко баруу үчүн жеке унааңызды колдонууну пландаштырсаңыз, тиешелүү уруксатты алууну унутпаңыздар же болбосо такси кызматын колдонуңуздар. Дубай эл аралык аэропортуна үч саат эрте келишиңиз керек. Коргоо шаймандарын (медициналык бет кап, антисептикалык каражаттарын) алып жүрүңүз жана аралыкты сактаңыз", - деп жазылган билдирүүдө.
Дубай-Бишкек чартердик аба каттамын "Fly Dubai" авиакомпаниясы ишке ашырат. Алгачкы аба каттам 26-апрелде болсо, кийинки каттамдар 3-май жана 10-майга пландаштырылган.