Орусияда коронавирустан сутка ичинде 500дөн ашык адам каза болду

Орусиянын 84 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 19 миң 32 адамдан коронавирус илдети аныкталды. 512 адам каза болсо, 24 миң 502 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус илдети аныкталган адамдардын ичинен:

Москва шаарында - 2430 (айыккандар 5584);

Санкт-Петербург - 2512 (айыккандар 3409);

Москва облусу - 1069 (айыккандар 1009);

Нижегород облусу- 472 (айыккандар 497) адам жана калгандары башка аймактардан.

Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 3 миллион 832 миң 80 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинен 72 миң 697 адам каза болсо, 3 миллион 272 миң 964 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан