Соңку сутка ичинде өлкө боюнча 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Маалымат саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов тарабынан белгилүү болду.
Илдет аныкталган ак халатчандар Баткен облусунан болушат.
Акыркы суткада ооруканалардан 2 медкызматкер жана үй карантининен 9 медкызматкер айыгып чыкты.
Республика боюнча COVID-19 диагнозу 3 миң 174 медкызматкерге коюлуп, алардын ичинен 2 миң 710у айыгып чыкты.