АКШда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 900 миңден ашты

АКШда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 925 миң 38 адамга жетти. Ал эми дүйнө жүзүндө ооруган адамдардын саны 2 миллион 830 миң 82. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышууда.

Ал эми аталган вирустан көз жумган адамдардын саны АКШда 52 миң 185ке жеткен. 110 миң 432 адам айыгып чыкса, 762 миң 421 адам дарыланып жатат. Алардын ичинен 15 миң 97 адам оор абалда.

Эң оор абал азыркы тапта Нью-Йорк штатында. Ал жакта 277 миң 445 адам оору жугузуп алган болсо, 21 миң 291 адам көз жумган. Экинчи орунда Нью-Жерси 102 миң 196 адам вирус жуктуруп, 5 миң 617 адам каза болгон.

Ал эми вирус жуктуруп алгандардын эң аз саны Вайомингде катталган. 473 адам вирус жуктуруп алган болсо, 7 адам көз жумган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан