"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин коронавирус инфекциясын жуктуруп алганы айтылууда. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар өз булактарына таянуу менен жазып жатышат.
Жогорудагы маалыматтын чын-бышыгын билүү үчүн фракциянын басма сөз катчысы Рустам Алымбаевге байланышканыбызда, Бакыт Төрөбаев менен 10 күндөн бери байланыша албай жатканын айтты.
"Мен бул маалыматты социалдык тармактардан окудум. Ал эми анын өзү менен 10 күндөн бери байланыша албай жатабыз. Бул жөнүндө менде азырынча так маалымат жок", - деди ал.
Буга чейин саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов брифинг учурунда Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынан коронавирус инфекциясы аныкталып жатканын жана алардын атын айта албастыгын билдирген. 19-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Бейшеналы Нурдиновдон коронавирус инфекциясы аныкталган.