30-июнга карата өлкө аймагында 76 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Муну менен өлкөгө бул инфекция келгенден бери андан 2 миң 370 адам айыкты.
Сутка ичинде COVID-19 инфекциясы 279 адамдан табылды. Жалпысынан ооруну жугузуп алгандардын саны 5 миң 296 адамды түздү.
Өткөн суткада коронавирус илдети дагы 7 жарандын өмүрүн алды. Эң улуусу 76, эң кичүүсү 27 жашта болгон. Муну менен өлкөдө аталган оорудан көз жумгандардын саны 57ге жетти.
Дагы 47 медкызматкер COVID-19 илдетин жуктуруп алганы белгилүү болду. Жалпысынан бул илдет 830 медицина кызматкеринен аныкталды.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге эки тараптуу пневмония диагнозу коюлду. Ал дарылануу үчүн ооруканага жаткырылды.
Сутка ичинде каза болгон 7 адамдын бири кызматтык милдетин аткарып жүргөндө коронавирус жуктуруп алган, ал Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген дарыгери экени белгилүү болду.
Күн ичиндеги кабарлардын ток этери Кыргыз өлкөсүндө коронавирус аныкталгандан тарта жарыяланууда. 18-март, 19-март, 20-март, 21-мартты, 22-мартты, 23-мартты, 24-мартты, 25-мартты, 26-мартты, 27-мартты, 28-мартты, 29-мартты, 30-мартты, 31-мартты, 1-апрелди, 2-апрелди, 3-апрелди, 4-апрелди, 5-апрелди, 6-апрелди, 7-апрелди, 8-апрелди, 9-апрелди, 10-апрелди, 11-апрелди, 12-апрелди, 13-апрелди, 14-апрелди, 15-апрелди, 16-апрелди, 17-апрелди, 18-апрелди, 19-апрелди, 20-апрелди, 21-апрелди, 22-апрелди, 23-апрелди, 24-апрелди, 25-апрелди, 26-апрелди, 27-апрелди, 28-апрелди, 29-апрелди, 30-апрелди, 1-майды, 2-майды, 3-майды, 4-майды, 5-майды, 6-майды, 7-майды, 8-майды, 9-майды, 11-майды, 12-майды, 13-майды, 14-майды, 15-майды, 16-майды, 17-майды, 18-майды, 19-майды, 20-майды, 21-майды, 22-майды, 23-майды, 24-майды, 25-майды, 26-майды, 27-майды, 28-майды, 29-майды, 30-майды, 31-майды, 1-июнду, 2-июнду, 3-июнду, 4-июнду, 5-июнду, 6-июнду, 7-июнду, 8-июнду, 9-июнду, 10-июнду, 11-июнду, 12-июнду, 13-июнду, 14-июнду, 15-июнду, 16-июнду, 17-июнду, 18-июнду, 19-июнду, 20-июнду, 21-июнду, 22-июнду, 23-июнду, 24-июнду, 25-июнду, 26-июнду, 27-июнду, 28-июнду, 29-июнду окугуңуз келсе, ошол күндү басуу аркылуу тиешелүү шилтемеге өтө аласыз.