Кытайлык миллиардер Жек Манын кезектеги гуманитардык жардамы келди. Маалыматты бүгүн, 1-майда республикалык штабдан кабарлашты.
"Alibaba" жана "Жек Ма" фонддору тарабынан Кыргыз өлкөсүнө ПЦР-тесттер жана өпкөнү жасалма дем алдыруу аппараттары берилди.
Буга чейин 10-апрелде аталган фонддор коргоочу костюмдар, коргоочу бет каптар, байланышсыз термометр жана башка каражаттарды жардам катары көрсөткөн.
Кытайлык ишкер Жек Манын "Alibaba" фонду Кыргыз өлкөсү, Казакстан, Өзбекстан жана дагы башка 4 өлкөгө медициналык каражат иретинде жардам берери маалымдалган.