Бүгүн, 6-майда Жалал-Абад шаарынын коменданты Жеңишбек Жоробеков жана өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков маалымат жыйын берип жатышат.
Анда шаар коменданты облус аймагында жарандар тарабынан документтерди жасоо фактысы катталып, алар кармалганы тууралуу айтты.
"Өткөн суткада Жалал-Абад облусу боюнча 25 кылмыш иши катталды. Ал эми коменданттык сааттын эрежелерин бузган 9 жаранга мыйзамдын негизинде протокол түзүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Документтерди жасоо боюнча фактылар да катталган. Учурда облус аймагында коомдук саясий абал туруктуу", - деп билдирди Жоробеков.