Быйыл дыйкан, фермерлер ар бир литр суудан үнөмдөшү керек. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махаммадов онлайн маалымат жыйынында билдирди.
Жыйында быйыл "кургак жыл болот" деген божомолдор айтылып жаткандыгы айтылды.
"Папан суу сактагычында маселе жок. Анда азыр 135 миллион метр куб суу бар. Ал эми Найман суу сактагычында 16 миллион метр куб суунун камы бар. Былтыркы жылга салыштырмалуу суу жакшы чогулду. Бирок ошол эле маалда күн абдан ысык болуп жатат. Андыктан дыйкан, фермерлер аны үнөмдөп пайдаланса жакшы болот эле", - деди Ахмаджан Махаммадов.