Бишкекте курч респиратордук вирустук инфекция жана пневмониянын жеңил жана орто формасы менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн атайын 4 борбор ачылат. Маалыматты республикалык ыкчам штабдан кабарлашты.
Медициналык борборлордо капельница дагы алса болот. Борборлор саатына 700 бейтапты тейлейт. Убактылуу стационарлар борбор калаанын төрт районунда ачылат.
"Учурда ооруканага жата албай жаткан адамдар өтө көп. Алар оор абалдагы бейтаптардан бошобой жатат. Бирок оорунун алгачкы белгилери байкалган жарандар бар. Үйдө жатып алар оорусун күчөтүп албашы керек. Баары өз убагында медициналык жардам алуусу үчүн шаардык муниципалитеттин күчү менен борбор калаанын төрт районунда стационардык борборлор ачылат. Мында тажрыбайлуу дарыгерлер нөөмөткө туруп, консультация берип, зарыл процедураларды жасашат", - деди өкмөт башчы Кубатбек Боронов.
Өкмөт башчы айткандай, ар бир стационардык борбор 200 орунга эсептелген. Алар күнүнө 4000ден 6000ге чейин адамды тейлешет. Зарыл болгон шартта орундар көбөйтүлөт. Адистер курч респиратордук вирустук инфекциянын, пневмониянын же сасык тумоонун биринчи белгилери пайда болгон жарандарга ушул убактылуу медициналык борборлорго кайрылууну сунушташат. Ар бир борбордун көчмө дарыканалары болот, аларда керектүү дарылар сатылары айтылат маалыматта.
Бишкектеги убактылуу борборлор төмөндөгү даректер боюнча ачылат:
* Ленин району – "Газпром" Ден соолукту чыңдоочу комплекси;
* Биринчи Май району – Спорт сарайы;
* Свердлов району – Р.Санатбаев атындагы ден соолукту чыңдоочу комплекс;
* Октябрь району – чиркөөнүн жанындагы наабайкананын имараты (Магистраль боюнча).