Бишкектеги №3 үй-бүлөлүк медицина борборунун 15 кызматкери коронавирус жуктурганы аныкталды

Бишкектеги №3 үй-бүлөлүк медицина борборунун 15 кызматкери коронавирус жуктурганы маалым болду. Бул тууралуу бүгүн, 9-май күнү Өкмөт үйүндө өткөн брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

"9-майга карата №3 үй-бүлөлүк медицина борборунун 15 кызматкери коронавирус жуктурган. Анын 3өө айыгып, ооруканадан чыгарылды. Ооруканада 11 кызматкер дарыланууда жана тилекке каршы, бирөөсү каза болду", - деп билдирди Үсөнбаев.

Эске салсак, 2-майда №3 үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүм Көкүмбаева коронавирус инфекциясынан каза болгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан