Бразилияда коронавирустан каза болгондордун саны 10 миңге жетти. Бир суткада 730 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Мындан улам өлкөнүн парламенти үч күндүк аза күтүү күнүн жарыялады.
Бразилияда коронавирус жуктургандардын саны 155 миң 939га жетсе, бир күндө 10 миң 611 адамдан коронавирус аныкталды. Алардын ичинен 61 миң 685 адам айыгып чыккан.