11-майга карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын жугузгандардын саны 4 миллион 101 миң 60ка жетти. Бейтаптардын 1 миллион 408 миң 705и айыгып, ооруканадан чыгарылса, 282 миң 694 адам каза болду.
АКШда 1 миллион 329 миң 203 адам коронавирус менен ооруду. Андан 216 миң 169 бейтап сакайып ооруканадан чыгып, 79 миң 525и дүйнө салды.
Коронавирустун жайылуусу боюнча дүйнөдө 2-орунда турган Испанияда коронавирусту 224 миң 350 адам жуктурду. Андан 136 миң 166 бейтап ооруканадан айыгып чыгып, 26 миң 621и көз жумду.
Коронавирус жуктурган адамдардын саны боюнча Италияны ашып өткөн Улуу Британияда 220 миң 449 адамдан вирус аныкталды. Анын 1002 бейтабы айыгып, 31 миң 930 адам каза болду.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.